Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

Коргоо министрлиги быйыл беш аскер каза болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда Коргоо министрлигинин алдындагы мекемелерде кызмат өтөп жаткан беш аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу министр Бактыбек Бекболотов жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. Министр алар жол кырсыгынан жана оорудан каза тапканын, бир аскер кызматкери өз жанын кыйганын белгиледи.

Бекболотов аскер жайларында мурдагыдай чоңсунуу түшүнүгү азайганын айтты.

“Бул багытта көп иштер жасалып жатат. Азыр бардык аскер бөлүктөрүндө бир убакта чакырылган аскерлер кызмат кылып жатат. Мындай өзгөрүү өзүнүн оң жыйынтыгын берип жатат”, - деди министр.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин өлүмү утур-утур катталып турат. 7-декабрда Чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер өзүн атып алганы кабарланган. Анын алдында 20-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ички аскер бөлүгүндөгү 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы аскерди атып салганын маалымдаган.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган.

XS
SM
MD
LG