Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара жазга чейин такталып каларын айтты


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров чек ара чырында жабыркаган Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна жаңылары салынып толук пайдаланууга берилгенин билдирди.

Мамлекет башчы бул тууралуу 11-декабрда Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып айтты. Анын сөзү боюнча, Баткенде сегиз мектеп, төрт бала бакча, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМКнын башкармалыгынын имараты, бир спорт зал, бир музей, андан тышкары дагы башка ишкана мекемелер жаңы салынып пайдаланууга берилди.

Президент акыркы эки жылда чек арадагы каргашалуу окуяларда чек арачылар, карапайым адамдар да каза болгонун, Тажикстан менен чек араны тактоо кийинки жылдын жазында бүтө турганын айтты.

“Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып келебиз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса чек арабыз чечилип Орто Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүк орногон күн да келет. Мен жазга чейин барып бүтөбүз го деп ойлоп жатам”, - деди Садыр Жапаров.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 км түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG