Ошто “Классик” мейманканасындагы окуя боюнча мэриянын кызматкерлерине иш козголду

Ош шаардык прокуратурасы.

Ош шаардык прокуратурасы “Классик” мейманканасынын жетекчисинин арызы боюнча Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыка” шаардык прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен козголду.

Буга чейин “Классик” мейманканасынын ээси Жаныбек Ажимаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына, Ош шаардык кеңешине арыз менен кайрылган.

Ал арызында 5-октябрь - шаар күнүндөгү сый тамакты бекер өткөрүп берүү талабы коюлганын айтып, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсуповго жана мэрдин ошол учурдагы коомдук башталыштагы кеңешчиси Абдүшүкүр Жураевге каршы даттанган.

“Азаттык” радиосу “Классик” мейманканасынын айланасындагы чырды чагылдырган. Бул окуялардан кийин Абдүшүкүр Жураев кызматтан кеткен. (DSh)

Дагы караңыз

Үч адамдын өлүмү: Аширалиевдин адвокаты кийинки инстанцияга арыз бердиМурдагы бажы кызматкери Нурмамат Канаев камалдыБишкектеги “Баткен” базарынын жетекчилери кармалды Бишкекте ипотекага салынган көп кабаттуу үй ээлерине берилдиЗеленский 12-декабрда АКШга барып, Байден менен жолугат