Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Бишкектеги “Баткен” базарынын жетекчилери кармалды


“Баткен-Комфорт” базарына ээлик кылган “Реконс” фирмасынын директору, директорунун орун басары жана кассир-бухгалтери. УКМК тараткан сүрөт.
“Баткен-Комфорт” базарына ээлик кылган “Реконс” фирмасынын директору, директорунун орун басары жана кассир-бухгалтери. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарындагы “Баткен-Комфорт” курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголгон. Базарга ээлик кылган “Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (Т.Б.Б.), башкы директорунун орун басары (Ш.М.А.) жана кассир-бухгалтери (С.О.Н.) кармалды.

Атайын кызмат аларга “ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап, ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан” деген айып таккан. Чогулган каражат жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзүп келген.

“Ошол эле учурда ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги салыктарды төлөөдөн качкан, ошондой эле ижарачылардан өндүрүлгөн каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эмес. Мындан тышкары 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33%га жогорулаткан. Буга кошумча архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган”, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Кармалган адамдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги жана кармалгандардын адвокаттары азырынча УКМКнын айыптоосу жөнүндө комментарий берише элек.

Коопсуздук комитети өз маалыматында “Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экенин билдирди.

Шадиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу”беренелери менен күнөөлүү деп таап, 2020-жылдын 10-июнунда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Ал 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG