Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:44

Зеленский 12-декабрда АКШга барып, Байден менен жолугат


АКШ президенти Жо Байден менен краинанын президенти Владимир Зеленскийдин соңку жолугушуусу. 21-сентябрь, 2023-жыл.
АКШ президенти Жо Байден менен краинанын президенти Владимир Зеленскийдин соңку жолугушуусу. 21-сентябрь, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 12-декабрда Америка Кошмо Штаттарына барат. АКШнын президенти Жо Байден “Украинанын чукул муктаждыктарын жана чечүүчү учурда Кошмо Штаттардын колдоосун улантууну талкуулоо үчүн” аны Ак үйгө чакырган. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы маалымдады. Зеленскийдин сапарын Украинанын президентинин кеңсеси да ырастады.

Зеленскийдин Кошмо Штаттарга баруу планы жөнүндө мурдараак кабарланган эмес. Базар күнү украин президенти Аргентинанын жаңы шайланган президенти Хавьер Милейдин инаугурация аземине катышуу үчүн Буэнос-Айресте болгон.

Владимир Зеленскийдин Вашингтонго сапары АКШнын Конгресси келерки жылы Украинага бөлүнө турган жардамды талкуулай турган маалга туш келди. Байдендин администрациясы Украинага курал-жарак жеткирүү үчүн Конгресстен 60 миллиард доллардан ашык каражат сураган.

Конгресс ушул күнгө чейин бул боюнча мыйзам долбоорду карай элек. Республикачылар Украинага жардам берүүгө каршы эместигин билдирип, ошол эле маалда бюджетте миграциялык саясатты катаалдатуу чараларын бекитүүнү талап кылып жатышат. Өз кезегинде муну демократтар кабыл албай келатышат.

Орусия Украинага кол салгандан бери украин президенти АКШга эки жолу барган. Алгач 2022-жылдын декабрында, кийин 2023-жылдын сентябрында Вашингтондо болуп, Байден менен жолуккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG