Кыргызстанда жыл башынан бери 14 ымыркай ташталган.
Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева 8-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Быйыл ноябрь айында эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя болду.
8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген.19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөгө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө алып барган. 20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган. Үч ымыркайдын энелери табылып, кылмыш иши козголгон.
Бул окуялардан кийин коомчулукта төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан азырынча ага даяр эмес экенин айткан. (BTo)
Дагы караңыз
Baza: Подмосковьеде орус жарандыгын алган 350 мигрант армияга тартылдыКадамжайда сабалды делген майыптыгы бар адамдын жакындары милицияга кайрылдыАКШ Баку менен Еревандын туткундарды айырбаштоо жараянын кубаттадыБишкекте санитардык таштанды талаасынын ордуна токой пайда болотТашиев базарлардагы митингдерди уюштурууга тиешеси барларды аныктоо тапшырмасын бердиИзраил армиясы Жабалияда рейд өткөрдү