Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Ташиев базарлардагы митингдерди уюштурууга тиешеси барларды аныктоо тапшырмасын берди


Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. 6-декабрь, 2023-жыл
Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. 6-декабрь, 2023-жыл

8-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен жаңы салык саясаты боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматта айрым чагымчыл күчтөр өлкөдөгү ири базарлардын соодагерлеринин митингдерин уюштуруу аркылуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракетин көргөнү айтылат.

Камчыбек Ташиев УКМКнын жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ири соода жана оюн-зоок борборлорунун чыныгы кирешесин, митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, Салык кызматында коррупцияны жоюу тапшырмасын берди.

Андан тышкары базарда соодагерлерге шарт түзүү, соода жайларынын ижарасын төмөндөтүү демилгелери көтөрүлдү.

29-ноябрдан 5-декабрга чейин Бишкектеги жана аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар бийликтен патент системасын калтырууну талап кылып жатышат.

6-декабрда Камчыбек Ташиев “Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп айткан.

Анын алдында президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митингдер улана берсе, “базарларга өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз” деген.

Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айткан.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG