Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Бишкекте санитардык таштанды талаасынын ордуна токой пайда болот


Бишкектеги таштанды полигонунун ордуна тигилген бак. Сүрөт мэрияга таандык.
Бишкектеги таштанды полигонунун ордуна тигилген бак. Сүрөт мэрияга таандык.

Бишкектин түндүгүндөгү санитардык таштанды талаасынын орду парк болот, учурда аталган талаанын жерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 8-декабрда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов журналисттерге билдирди.

"Канча жылдан бери күйүп, түтөп турган таштанды талаасындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул дагы Бишкектеги ыш көйгөйүн 15% азайтууга мүмкүнчүлүк берди. Учурда полигондун жерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 850 көчөт отургузулду. Болжолдуу 2-3 гектар жерге бак тигилип, токойго айландырылат. Ошондой эле тигүү цехтеринен чыккан таштандыларды жок кылуучу атайын жабдуулар сатылып алынган. Бул техникалар азыр полигондо иштеп жатат".

Медетбек Маметовдун маалыматына караганда, Бишкекте 1039 тигүү цехи катталган. Алардын 747си менен таштандыларды жок кылуу боюнча келишим түзүлгөн.

Бишкектеги таштанды полигонун иретке келтирүү, рекультивация иштерин жүргүзүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) убада кылган 22 миллион евросунун 12 миллиону келген. Ал акча кандайча сарпталганын эсептеп чыгышканда кайсы бир бөлүгүнүн дайыны табылбай калгандыктан кеминде беш кылмыш иши козголгонун былтыр Жогорку Кеңеште борбор калаанын прокурорунун орун басары Рысбек Аманатов билдирген. Анын маалымдашынча, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы ар бир иш боюнча өзүнчө эсептелип, биринде 41,4 миллион сом, биринде 22,3 миллион сом, дагы биринде 1,4 миллион сом деп аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын орду дээрлик толтурула элек.

Бишкек таштанды полигону 1978-жылы 400 миң адамга эсептелип курулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG