АКШ Баку менен Еревандын туткундарды айырбаштоо жараянын кубаттады

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян. Архивдеги сүрөт.

Кошмо Штаттар Армения менен Азербайжандын туткундарды айырбаштоо боюнча биргелешкен билдирүүсүн кубаттап, бул эки тараптын алакасын жөнгө салуу жана тынчтык келишимин түзүүгө карай маанилүү кадам деп сыпаттады.

Баку менен Ереван 7-декабрда туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашкан. Маалыматка караганда, Баку 32 армянды, ал эми Ереван эки азери жаранын бошотот. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын администрацияларынын биргелешкен билдирүүсүндө белгиленет.

Андан тышкары Армения климат боюнча СОР-29 саммитин өткөрүүгө ат салышкан мамлекеттердин арасынан өз талапкерлигин Азербайжандын пайдасына алууга макул болду.

“Эки мамлекет дагы бир ирет алакаларын жөнгө салып, аймактын бүтүндүк жана суверенитет принциптерин сыйлоонун негизинде тынчтык келишимине жетүү ниетин ырасташты”,-деп жазылат билдирүүдө.

Армения менен Азербайжан ондогон жылдардан бери жикчил Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келген. Быйыл сентябрда Баку жикчил аймакта “антитеррордук операция” баштап, анын натыйжасында жикчил аймактын жетекчилери Азербайжанга багынып берген.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армян Арменияга качууга аргасыз болгон. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Бакуну “этностук тазалоого” айыптаган. Азери бийлиги бул дооматты четке кагып, тескерисинче, этностук армяндарды азери коомуна реинтеграция кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Дагы караңыз

Бишкекте санитардык таштанды талаасынын ордуна токой пайда болотBaza: Подмосковьеде орус жарандыгын алган 350 мигрант армияга тартылдыТашиев базарлардагы митингдерди уюштурууга тиешеси барларды аныктоо тапшырмасын берди