Казакстанда активист бейбаштыкка айыпталып камалды

Айдар Сызыков полиция кармагандан кийин тарткан сүрөтү.

Астана соту 7-декабрда каттоодон өтпөгөн оппозициячыл “Алга, Казакстан!” партиясынын мүчөсү Айдар Сыздыковду бейбаштыкка айыптап, 15 сутка камоо чечимин чыгарды. Активист ага тагылган айыпты четке кагып, иштин саясий мүдөөсү бар экенин билдирди.

Сыздыков жана аталган партиянын дагы бир мүчөсү Асет Абишев 6-декабрда кармалган. Абишевдин соту уланууда.

Өткөн жумада “Алга, Казакстан!” партиясынын төрагасы Марат Жыланбаев жети жылга эркинен ажыратылган. Сот аны “экстремисттик уюмду каржылаган жана анын ишмердүүлүгүнө катышкан” деп тапкан.

Жыланбаев жана анын тарапташтары дооматтардын баарын четке кагып, анын саясий мүдөөсү бар экенин айтып келишет.

Сот жараяндарынын баары жабык өткөн. Ал эми өкүм окулуп жатканда маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн, активисттерди да залга киргизишкен эмес. Соттун чечими качан чыгарылары алдын ала жарыяланган эмес.

Активисттер жана укук коргоочулар соттук териштирүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешет. Жыланбаев өзү ноябрь айынын башынан бери соттун ачык өтүшүн талап кылып, ачкачылык кармап жатат.

Дагы караңыз

Израил армиясы Рафах шаарына абадан сокку уруудаЗеленский 1 млрд долларлык жардам үчүн Жапонияга ыраазычылык билдирдиТууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Жоробеков милицияга чакырылды