Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:22

Зеленский 1 млрд долларлык жардам үчүн Жапонияга ыраазычылык билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Жапония Киевге жалпысынан 4,5 миллиард долларлык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу 7-декабрда "Чоң жетинин" саммитинде Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский расмий Токиого бул үчүн ыраазычылык билдирди.

“Жапонияга жана анын өкмөт башчысы Фумио Кисидага Украинага бир миллиард долларлык кошумча жардам көрсөтүп, жалпы сумманы 4,5 миллиард долларга жеткирүү чечими үчүн ыраазыбыз”,- деп жазды Зеленский социалдык тармактарга.

Андан бир нече саат мурда АКШ Сенаты Киевге кошумча 60 миллиард доллар жардам көрсөтүү боюнча Ак үйдүн өтүнүчүн Жо Байдендин чакырыгына карабай четке каккан. Буга Кремль кубанганын жашырган жок. Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Конгресс мындан ары дагы Украинага жардам көрсөтүүдөн баш тартат деген ниетте экенин билдирди.

"Америкалык конгрессмендердин арасында "акылы тунук" адамдар жетиштүү деген ойдомун",-деди Песков.

Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Киевге жалпысынан 110 млрд доллардан көп жардам бөлдү.

XS
SM
MD
LG