Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:50

Израил армиясы Рафах шаарына абадан сокку урууда


Газа тилкеси
Газа тилкеси

Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына эки жолу сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып AP агенттиги жазды. Рафахка Хан-Юнис шаарындагы аба соккулардан аман калуу аргасын издеген качкындар топтолгон. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлдөрү тилкеде коопсуз аймак калбай калганын билдиришкен.

Анклавдагы экинчи чоң шаар Хан-Юнисте жөөт жоокерлери менен радикал согушкерлердин ортосунда айыгышкан кармаш уланууда. Мындан улам ал жакка гуманитардык жардам жеткирүү ого бетер кыйындады.

Буга чейин Би-би-Си дүйнөлүк кызматы жериндеги кабарчысына таянып, Жабалия лагерин учурда жөөт армиясы курчап турганын маалымдаган.

Жабалия Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Согушка чейин эле бул качкындар баш калкалаган ири лагерь болчу. 1,4 чарчы чакырым аймакта 115 миңден көп киши отурукташкан. Израилдин армиясы тургундарды бул жактан чыгып кетүүгө чакырган.

ЦАХАЛ 7-декабрга караган түнү Жабалия лагеринде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун обьектилеринде тинтүү жүргүзүп, бир нече жоочуну жок кылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG