Президент кол койгон тескемеге ылайык, Темирболот Абыкеев Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды.
38 жаштагы Абыкеев буга чейин Оштун Чоң-Алай районунун акими болуп турган. Ага чейин Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп иштеген.
Президенттин дагы бир тескемеси менен Жакыпбек Субагожоев Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, Оштун Ноокат районуна аким болуп бекитилди.
Темирболот Абыкеев Кочкор районунда туулган. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы. Ал эми 57 жаштагы Субагожоев Кара-Сууга жетекчи болуп быйыл апрелде дайындалган.
Кыргызстандагы эң чоң район Кара-Сууда 2021-жылдагы маалымат боюнча 448 миңден ашуун адам жашайт, 16 айыл өкмөт жана бир шаар бар. (BTo)
Дагы караңыз
Абактагы Бекназаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту курултайда талкуулоону сунуш кылдыАбактарда уюшкан кылмыштуу топтордун 130 мүчөсү кармалып туратОрус армиясы Украинанын Измаил портуна чабуул койдуДепутат Эмил Жамгырчиевдин соту 18-декабрга жылдыЛейлек: Андаракта он келин өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза болду Орусияда окуучу кыз мектепте ок атып, классташынын өмүрүн кыйды