Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

Орус армиясы Украинанын Измаил портуна чабуул койду


Орус армиясынын Украинанын Измаил портуна дрон менен жасаган чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын Украинанын Измаил портуна дрон менен жасаган чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын армиясы Украинанын Измаил портуна дрондор менен жасаган чабуулунан бир кишинин өмүрү кыйылып, инфратүзүмдөргө залака келтирилди. Бул тууралуу Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

"Орус террорчулары дрондор менен Измаил районуна дээрлик эки саат чабуул коюшту. Биздин күчтөр “Шахеддердин” көпчүлүгүн атып түшүргөнү менен тилекке каршы айрымдары тийди", - деди Кипер.

Маалыматка караганда, дан сактоочу кампа, элеватор, жүк ташуучу машинелер жабыркаган. Бир айдоочу набыт болгон.

Быйыл июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен түзүлүп, украин данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген макулдашуудан Орусия чыгып кеткен. Андан кийин Киев өз данын сыртка чыгаруу үчүн Дунай дарыясындагы Рени менен Измаил портторун колдонуп келет. Ошондон бери орус армиясы дунай портторуна чабуулдарын күчөттү.

Буга чейин украин армиясы Одесса жана Хмельницкий облустарында орус күчтөрүнүн 18 учкучсуз аппаратынын 15ин атып түшүргөнүн билдирген. Дрондор Москва оккупациялап алган Крымдагы Чауда булуңунан учурулган.

XS
SM
MD
LG