Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Лейлек: Андаракта он келин өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза болду


Лейлек, Андарак. Уксус ичип каза тапкан келиндин тажиясы. "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова жеринде тарткан сүрөт. 5-декабрь, 2023-жыл
Лейлек, Андарак. Уксус ичип каза тапкан келиндин тажиясы. "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова жеринде тарткан сүрөт. 5-декабрь, 2023-жыл

Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында быйыл 10 аял өз өмүрүнө кол салып, анын алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган.

Мындай маалыматты ушу тапта Лейлекте жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы жергиликтүү активисттер, дарыгерлерден, маркумдардын жакындарынан тактады.

"Азаттык" ал жакта суицидге барган келиндер тууралуу видео иликтөө тартып жатат. Кабарчылар маалымат чогултуп жүргөндө, 6-декабрда Баткендин милициясы жыл башынан берки он бир айдын статистикасын жарыялап, бул мезгил аралыгында Андарак айылында "жети аял өз өмүрүнө кол салып, бешөө каза болгонун, алардын эң жашы 20, улуусу 43 жашта экенин" билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгы өз жанын кыйган алтынчы келин тууралуу маалымат декабрдын статистикасына кошулат деп түшүндүрдү. Анын сөөгү Андаракта 5-декабрда коюлду.

«Азаттыктын» журналистине келиндер дары, уксус ичип же муунуп алганын жакындары айтып беришкен.

Лейлек районунда аялдардын суициди тууралуу маселени буга чейин депутат Жанарбек Акаев парламент жыйында көтөрүп, маселеге көңүл буруу зарылдыгын айткан.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8,5 миң учур катталган. 7,4 миң аялга милиция коргоо ордерин жазып берген.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. (AiA/NT)

XS
SM
MD
LG