Өкмөттүн басма сөз кызматы 7-декабрда Бишкек шаарында “ИФА” компаниясынын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу жаңы ишкана ачылганын билдирди.
Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, акыркы беш жылда кагаздан жасалган буюмдардын Кыргызстанга импорту көбөйгөнүн, ушул жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташып келингенин билдирди.
“Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу менен кагаз буюмдарына болгон импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.
Кагаз буюмдарын чыгарган заводду ачууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “ИФА” ишканасынын ортосунда 3,2 млн долларга келишим түзүлгөн. Завод суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, анда 125 адам жумуш менен камсыз болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Журналисттер Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызы суракка чакырылдыУКМК кримтөбөл Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалганын билдирдиЭлчи Клара Саматтын ишине сын ТИМде каралганы айтылдыУкраиналык экс-депутаттын сөөгү Подмосковьеде табылдыЧет өлкөдө жазасын өтөп жаткан 100дөн ашуун адам экстрадицияландыМинистр Кулубаев АКШ менен жаңы келишим боюнча айрым гана маселелер калганын айттыОшто аскер бөлүгүндө каза болгон жоокердин апасы президентке кайрылды