Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон жоокердин апасы президентке кайрылды


Нааргүл Эргешова каза болгон жоокер Руслан Эрменбаевдин апасы. 7-декабрь, 2023-жыл.
Нааргүл Эргешова каза болгон жоокер Руслан Эрменбаевдин апасы. 7-декабрь, 2023-жыл.

Ошто 2024 аскер бөлүгүндө куралды этиятсыз пайдаланып өзүн атып алды делген Руслан Эрменбаевдин апасы Нааргүл Эргешова 7-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып мамлекет башчыдан аскерде кызмат өтөгөндөрдүн коопсуздугун көзөмөлгө алуусун суранды.

7-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн атып алганын билдирген. Мекеменин маалыматы боюнча, окуя 6-декабрда болгон. 18 жаштагы жоокер (Э. Р.) кокусунан өзүн атып алганы, бардык медициналык жардамдар берилгенине карабай, жаракатынан көз жумганы айтылган.

Руслан Эрменбаев жети бир туугандын экинчиси болгон. Ал 2024 аскер бөлүгүндө сентябрь айынан бери кызмат өтөп жаткан.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган. 2022-2023-жылдар боюнча статиска азырынча чыга элек. (BTo/DSh)

XS
SM
MD
LG