Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Чет өлкөдө жазасын өтөп жаткан 100дөн ашуун адам экстрадицияланды


Орусиядагы абактардын бири.
Орусиядагы абактардын бири.

2023-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөгү абактарда жазасын өтөп жаткан 100дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайтарылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

"Быйылкы жылы биздин кызматкерлер Орусияда миңге жакын абактарды кыдырып, ал жакта кармалып турган кыргызстандыктар менен сүйлөштү. Аларга Украинадагы жана башка чет өлкөлөрдөгү согуштарга катышуу Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерттик. Жүздөн ашуун адамды экстрадицияладык, айрымдары кайтуудан баш тартты".

Кулубаевдин маалымдашынча, быйылкы 11 айда Ирак, Сирия, Судандан жана жер титирөөдө Түркиядан 276 адам эвакуация, репатриация болду.

Кулубаев Израилден жана согуш жүрүп жаткан Газа тилкесинен да кыргызстандыктарды эвакуациялоо аракеттери жүргөнүн кошумчалады. Ага ылайык, Газа тилкесинен төрт кыргызстандык эвакуацияланган. Кооптуу аймактан кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды чыгарып кетүү максатында Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги Иордания, Египет жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп иштеп жатат. Министр аймакта канча кыргызстандык жүргөнү тууралуу маалыматы жоктугун айтты.

Тышкы иштер министринин журналисттерге билдиргенине караганда, быйыл чет өлкөлөрдөн 276 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Министр алардын кайсы өлкөлөрдөн алып келингенин тактаган жок.

Башкы прокуратура 2016-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта чет мамлекеттердин жаза өтөөчү жайларында мөөнөтүн өтөп жаткан 550дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайтарылганын маалымдаган.(KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG