Элчи Клара Саматтын ишине сын ТИМде каралганы айтылды

Элчи Гүлнара-Клара Самат

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Саматтын кызмат ордун кароо боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөндөн кийин маселе министрликте дагы каралган.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Министр Орусияда мигранттар көптүгүнө байланыштуу көйгөйлөр да көптүгүн белгиледи.

"Биз элчи Гүлнара-Клара Саматтын ишин өзүбүздө да карап, элчиликке бир катар сунуштарды бергенбиз. Элчи азыр милдеттерин аткарып жатат. Маселе көтөрүлгөндөн кийин элчиликке кошумча алты юрист бердик. Анткени ал жакта кыргызстандык мигранттар, диаспоралар да көп. Ошого жараша иш да көп", - деди Кулубаев.

Министр ушул тапта Орусияда кармалып тургандардын саны да башка чет өлкөлөргө караганда көп экенин белгиледи.

11-сентябрда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын кызмат ордун кароо маселеси көтөрүлгөн.

Элчинин ишине байланыштуу маселе былтыркы курултайда дагы көтөрүлгөн. Москва шаарынан келген "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов анда Гүлнара-Клара Саматты сынга алып, ага чара көрүлүшү керектигин айткан.

Былтыр августта Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Мунун алдында Москвадагы кыргыз элчилиги уюштурган жолугушууда кыргызстандык мигранттар элчинин келбей койгонуна нааразы болгон.

Жээнбек Кулубаевдин 7-декабрдагы маалыматында, Орусияда 400 миңдей кыргызстандык мигрант расмий катталган. Орусияда акыркы жалдары кыргызстандык мигранттардын саны 200 миңге кыскарды.

Былтыр сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жериндеги миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылган жана алардын айрымдары жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон окуя катталган.(KE/ZKo)

Дагы караңыз

Министр Кулубаев Орусиядагы абактарда отургандарды согушка тартуу фактылары болгонун ырастадыТүркияда Инстаграм "жылдыздарына" аңчылык башталдыМинистр Кулубаев АКШ менен жаңы келишим боюнча айрым гана маселелер калганын айттыОшто аскер бөлүгүндө каза болгон жоокердин апасы президентке кайрылдыДепутат Көкүлов тууну өзгөртүүгө байланыштуу демөөрчүлөр ким экенин сурадыККМ жана патент: Бийлик чараларын жумшартты, бирок эскертүү берди