Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Депутат Көкүлов тууну өзгөртүүгө байланыштуу демөөрчүлөр ким экенин сурады


Эрулан Көкүлов.
Эрулан Көкүлов.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов желек алмашылып калса ага кете турган чыгымды ким көтөрө турганына эл кызыгып жатканын айтты. Бул тууралуу ал парламенттин 7-декабрдагы жыйынында билдирди.

“Желекти алмаштыруу элге жакпай атат. Буга эмне себеп болуп жатканын билбей атышат. Экинчиден, маселе белгисиз демөөрчүлөрдө болуп турат. Биздин тууну алмаштырууга демөөрчүлөр кимдер экени эмне үчүн белгисиз? Бул Кыргызстандын эң негизги символу”, - деди депутат.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган. Ушул отурумда Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирген. Бирок сөз болуп жаткан демөөрчүлөр ким экенин ачык айткан эмес.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG