Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтык тууралуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү активдүү жүрүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал 7-декабрда министрликтин ушул жылдагы ишмердигине байланыштуу басма сөз жыйынында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.
“Эки тарап активдүү иштеп жатабыз. Келишим боюнча бир-эки маселе бар, ошол чечилсе макулдашуу ишке ашып калат. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат” - деген министр кайсы маселелер калганын так айткан жок.
АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм октябрда “Азаттыктагы” маегинде АКШ Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу келишимге кол коюуга даяр экенин билдирген.
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.
Жаңы макулдашуу тууралуу сөз 2017-жылдан бери айтылып келет. Бирок азырынча ага кол коюла элек. (KE/BTo)
Дагы караңыз
Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон жоокердин апасы президентке кайрылдыДепутат Көкүлов тууну өзгөртүүгө байланыштуу демөөрчүлөр ким экенин сурады“Кристалл” заводун иштетүү үчүн инвесторлор бар экени айтылдыЖалал-Абадда “Ноокен Технопаркы” эркин экономикалык аймагын түзүү сунушталдыМилиция майыптыгы бар адамды сабап жаткан кишинин ишин карайтЧет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдөАКШ Украинага 175 млн долларлык жардам берет