Министр Кулубаев Орусиядагы абактарда отургандарды согушка тартуу фактылары болгонун ырастады

Орусиядагы жалданма жоочулардын бири.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрдагы маалымат жыйынында 2022-жылы Орусиянын абактарында жаткандарды Украинадагы согушка тарткан учурлар болгонун ырастады.

Ал "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, министрликтин кызматкерлери Орусиядагы миңден ашуун түрмөлөрдү кыдырып, ал жакта кармалып турган мигранттар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты.

"2022-жылдын башында ошондой маалыматтар болгон. Биз Орусиянын бийлигине түз кайрылып, "биздин жарандарга чакыруу кылбагыла" деп айтканбыз. Биздин консулдар миңден ашуун түрмөнү кыдырып, маалымат алды. Ал жакта кармалып тургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ким согушка барса, Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Украинадагы согушка Кыргызстандын канча жараны кеткени боюнча так маалымат жок. Биз деле факты болгондо гана билип жатабыз. Анткени алар жашыруун кол коюп, жашыруун кетип жатышат", - деди Кулубаев.

Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандардын көбү Украинадагы согушка "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясы аркылуу барышкан. Алардын ичинен кыргызстандык жарандар да согушка азгырылып, айрымдары көз жумганы кабарланган.

"Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусия азгырган жүзгө жакын борбор азиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.

Эл аралык чалгын кызматтары өткөн айда Орусияда негизделген "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун ордун эми "Редут" деп аталган жеке аскердик компания ээлей баштаганын, ыктыярчылар деген шылтоо менен жалданма адамдарды, анын арасында мурдагы "вагенрчилерди" азгыруу менен алектенип жатканын маалымдашууда.(KE/ZKo)

Дагы караңыз

Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон жоокердин апасы президентке кайрылдыДепутат Көкүлов тууну өзгөртүүгө байланыштуу демөөрчүлөр ким экенин сурады“Кристалл” заводун иштетүү үчүн инвесторлор бар экени айтылдыККМ жана патент: Бийлик чараларын жумшартты, бирок эскертүү бердиАКШ Украинага 175 млн долларлык жардам берет