Ошто чек арачы жоокер этиятсыздыктан атылган октон көз жумганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн атып алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 6-декабрда болгон. 18 жаштагы жоокер Э. Р. кокусунан өзүн атып алганы айтылды. Чек ара кызматы бул окуя куралды этиятсыздыктан колдонуудан улам болду деп билдирүүдө.

"Бардык медициналык жардамдар берилгенине карабай, жоокер алган жаракатынан көз жумду", - деп жазылган маалыматта.

Бул иш боюнча тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин өлүмү менен коштолгон окуялар катталып турат.

20-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ички аскер бөлүгүндөгү 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы аскерди атып салганын кабарлаган.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган.

2022-2023-жылдар боюнча статиска азырынча чыга элек. 2023-жылы 8-ноябрда Баткен районунда келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн чек арачы спорттук иш-чарада оор жаракат алып каза болгон. 21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алганын Чек ара кызматы билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Невада университетинде ок атылып, үч адам набыт болдуККМ жана патент: Бийлик чараларын жумшартты, бирок эскертүү берди"АКШ колдоосун улантпаса, Украина Орусияга утулуп калышы мүмкүн"Газа: Волкер Түрк ырайымсыз кылмыштар тобокелдигин эскерттиМектептердеги акча чогултууну токтотуу маселеси талкууландыСурабалдиева базарларга тышкы башкаруу киргизүү демилгеси тууралуу оюн билдирди