Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Мектептердеги акча чогултууну токтотуу маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-декабрда президенттик аппаратта министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында мектептерде мыйзамсыз акча жыйноо маселеси талкууланды. Жыйында президенттин быйыл май айында чыккан мектептерде акчалай жыйымдарды жана мамлекеттик фонддорду түзүүгө тыюу салуу жөнүндө жарлыгына карабай, акча чогултуулар уланып жатканы айтылды.

Байсалов өзгөчө Бишкек шаарында ата-энелерден түрдүү фонддорго деп акча чогултуу уланып жатканын белгиледи. Бишкек шаарынын мэриясына коомдук фонддордун да, камкорчулар кеңештеринин да пайдасына акча жыйноолорду токтотуу үчүн чара көрүүнү жана президенттин жарлыгынын толук аткарылышын көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 1-сентбярда Бишкек шаарындагы мектептердин биринин директору мыйзамсыз акча чогултууга айыпталып камалганын билдирген. Анда бул мектепте ата-энелерден мыйзамсыз схеманын негизинде ыктыярдуу-милдеттүү түрдө 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин депозитке акча чогултулуп жатканы аныкталганын маалымдаган.

Август, сентябрь айларында коопсуздук кызматы тарабынан балдарын 1-класска киргизген ата-энелерден акча талап кылган кылмыштуу схемалар аныкталганы, ага байланыштуу бир катар мугалимдер, жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кармалганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG