7-декабрдын аба ырайы

Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 4…6° болот.

Дагы караңыз

Ташиев базардын ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керектигин айттыИзраилдин соккусунан Хан-Юнисте ондогон киши каза тапканы кабарландыМатраимовго тиешеси бар 58 бажы кызматкери иштен алынды Жарандык алгандар жана андан чыккандар тууралуу маалымат ачык жарыяланган жокБайсалов президент Жапаров айткан "күчтөр" тууралуу пикирин билдирдиКемпир-Абад иши: абактагылар Жогорку Соттун төрагасына жооп берди