Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Израилдин соккусунан Хан-Юнисте ондогон киши каза тапканы кабарланды


Газанын түндүгүндөгү Рафах шаары. 5-декабрь, 2023-жыл
Газанын түндүгүндөгү Рафах шаары. 5-декабрь, 2023-жыл

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюму башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф ал-Кудра 5-декабрда эртең менен израилдик аскерлер Хан-Юнис шаарына сокку урганда бери дегенде 43 киши каза тапканын, дагы ондогон адам уранды астында калганын билдирди. Ал Насер ооруканасы жарадарларга толгонун айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Газада жүргөн өкүлү анклавдын түштүгүндөгү абал улам оорлошуп баратканын билдирди. Израил армиясы шейшембиде тилкенин түштүгүн жана түндүгүн, Хан-Юнис менен Рафах шаарларынын айланасын бомбалоону күчтөндүргөнү кабарланган.

5-декабрда Израил армиясынын басма сөз катчысы Эйлон Леви ЦАХАЛ ХАМАС радикал тобуна каршы операциянын экинчи баскычын баштаганын, ал буга чейинкиден "татаал болорун" билдирди. Леви Израил карапайым палестиндерге келтирилген зыянды азайтуу сунуштарына даяр деп кошумчалады. Буга чейин Израил ХАМАСтын бир нече таяныч пункттары көзөмөлгө алынганын маалымдаган.

Reuters агенттиги жазгандай, жергиликтүү жашоочулар жана журналисттер Израил элге коопсуз жайга көчүү тууралуу эскерткен райондор да чабуулдарга туш болгонун айтып беришти.

Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындар боюнча агенттигинин жетекчиси Филипп Лаззарини согуштук операциянын жанданышы менен “өткөн апталардагы коркунучтуу кырдаал кайталанганын”, бомбалоолор буга чейин жер которууга аргасыз болгон элди кайрадан башкалка издөөгө түрткөнүн, ооруканалар толуп калганын, гуманитардык абал ого бетер кыйындаганын белгиледи.

БУУнун маалыматына караганда, согуш башталгандан бери чакан тилкенин 2,2 миллиондон ашуун калкынын 80% өз үйлөрүн таштап, түштүк тарапка агылган.

Жоочулардын 7-октябрдагы кол салуусунан кийин ХАМАС радикал тобуна каршы согуш ачкан Израил өткөн жекшембиде операциясын анклавдын түштүгүндө кеңейтип жатканын билдирген.

Анын алдында, 1-декабрда арачылардын көмөгү менен ок атышууну убактылуу токтотууга жетишилген. Бир аптанын ичинде ХАМАС радикал тобунун барымтасынан 105 киши бошотулуп, Израил өз түрмөлөрүндө отурган 240 палестиналыкты коё берди. Газага гуманитардык жардам алып кирүүгө шарт түзүлгөн.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги уруш башталган 8 жумада 15 миң 899 палестиналык каза тапканын, 70% аялдар менен балдар экенин билдирди.

Израил 7-октябрдан бери 1 миң 200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Шейшембидеги маалыматка караганда, жерде операция башталгандан бери 79 жөөт аскери набыт болду.

XS
SM
MD
LG