Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Байсалов президент Жапаров айткан "күчтөр" тууралуу пикирин билдирди


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун соодагерлердин нааразылыгын пайдаланып, башаламандык уюштургусу келген "күчтөр" тууралуу айтканына түшүндүрмө берди.

Бул тууралуу ал 6-декабрда маалымат брифингинде "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Алар жеңилген мафия. Сиздер алар жөн жатат деп ойлойсуздарбы? Алардын 100 миллиондогон акчасы бар. Ошондуктан буга кызыкдар адамдар көп. Ушул бийлик чабылып калса, туңгуюктан чыкпай калса дешет. Ушул бийлик ийгиликке жетсе азыркы саясий күчтөрдүн көпчүлүгү келерки 20 жылда жумушу жок болот", - деди Байсалов.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордой" базарында кассалык-көзөмөл машиненин (ККМ) ишке киришине каршы соодагерлерге жолугушкан. Анда мамлекет башчы бул нааразылыктарды өз кызыкчылыгына пайдаланып, революция уюштургусу келген топтор бар экенин айткан.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш таштаган. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган. 4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери, Токмоктогу “Булак” базарынын соодагерлери да ККМге каршы чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышкан.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер анын түйшүгү көп экенин билдирип, каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап келет.

  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.
  • ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

XS
SM
MD
LG