Жарандык алгандар жана андан чыккандар тууралуу маалымат ачык жарыяланган жок

Кыргызстандын паспорту.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Президенттин сайтына 6-декабрда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандыгын кабыл алгандардын басымдуу бөлүгүн түпкү теги кыргыздар түзөт.

Жарлыкта да, маалыматта да канча адам кыргыз жарандыгынан чыгарылып, канча адам Кыргызстандын букаралыгына кабыл алынганы тууралуу ачык жазылган эмес.

Президенттин жарлыгындагы маалыматтар августтан бери жабык боло баштады. Ага чейин Кыргызстандын жарандыгын алгандардын да, чыккандардын да тизмеси жазылган президенттин жарлыгы ачык жарыяланчу.

Быйыл августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алып койгону катуу талкууланган. Быйыл ондогон орусиялыктар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатканын жазган.

“Азаттык” 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлыктан Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: абактагылар Жогорку Соттун төрагасына жооп бердиЭдил Байсалов депутаттардын айткан сыны боюнча комментарий бердиЧет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1400 жараны абакта жататБейшеналиев: Атамды уят кылбаш үчүн жоопкерчилик алдымГаза тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды"Диктаторлор жасалма интеллектти курал кылышы мүмкүн"