Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды


Газадан эвакуацияланып Египетке өткөн адамдар. Рафах чек ара бекети, Египет. Ноябрь, 2023-жыл
Газадан эвакуацияланып Египетке өткөн адамдар. Рафах чек ара бекети, Египет. Ноябрь, 2023-жыл

Тышкы иштер министрлиги Газа секторунан дагы эки кыргызстандык эвакуацияланганын билдирди. Маалыматка караганда, мекеме аларды алып чыгууну Орусия жана Египеттин дипломатиялык мекемелеринин көмөгү менен ишке ашырган.

4-декабрда жарандарды Газа тилкесинен Каир аркылуу чыгып, Москвага чартердик каттам менен алып келишкен.

Буга чейин 24-ноябрда да эки кыргызстандык Газадан ушул каттам аркылуу алып келинген. Тышкы иштер министрлиги Газадан кетүүнү каалаган мекендештерди эвакуациялоо иштери уланарын билдирген.

Reuters агенттиги 5-декабрда АКШ менен БУУнун тынч тургундарды коргоо чакырыктарына карабай, Израил армиясы Газанын борбордук жана түштүк бөлүктөрүн бомбалоону улантканын жазды. Натыйжада ондогон палестиналык каза тапты, жарадар болду.

Жергиликтүү жашоочулар жана журналисттер Израил элге коопсуз жайга көчүү тууралуу эскерткен райондор да чабуулдарга туш болгонун айтып беришти.

БУУнун маалыматында, согуш башталгандан бери чакан тилкенин 2,2 миллиондон ашуун калкынын 80% өз үйүн таштап, түштүк тарапка агылган.

Жоочулардын 7-октябрдагы кол салуусунан кийин ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы согуш ачкан Израил өткөн жекшембиде операциясын анклавдын түштүгүндө кеңейтип жатканын билдирген.

Анын алдында, 1-декабрда арачылардын көмөгү менен ок атышууну убактылуу токтотууга жетишилген. Бир апта ичинде ХАМАС радикал тобунун барымтасынан 105 киши бошотулуп, Израил өз түрмөлөрүндө отурган 240 палестиналыкты коё берди. Газага гуманитардык жардам алып кирүүгө шарт түзүлгөн.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги уруш башталган 8 жумада 15 миң 899 палестиналык каза тапканын, 70% аялдар менен балдар экенин билдирди.

Израил 7-октябрдан бери 1200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Шейшембидеги маалыматка караганда, жерде операция башталгандан бери 79 аскери набыт болду.

XS
SM
MD
LG