Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Эдил Байсалов депутаттардын айткан сыны боюнча комментарий берди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште ант берүүдө, 13.10.2021-жыл
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште ант берүүдө, 13.10.2021-жыл

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште ага чара көрүү тууралуу көтөрүлгөн демилге тууралуу комментарий берди. 6-декабрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып 4-декабрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында ал айткан сөздөрдү контексттен алып сындоого болбой турганын айтты.

“Бийлик бутактары ынтымакта иштеши керек. Сый мамиле эки тараптуу болушу зарыл. “Биз депутатпыз өкмөт өкүлдөрү унчукпай отурсун” дегендей мамиле жасалбашы керек”, - деди Байсалов.

6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактабай депутаттар менен айтышып жатканын билдирип, ага чара көрүү маселесин көтөргөн.

Спикер Нурланбек Шакиев Эдил Байсалов менен болгон акыркы окуя териштирилерин айтты.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы жыйынында Аида Исатбек кызы Каракол шаарындагы оорукананын дарыгерлери, ординаторлору ага айлыгы аз экенине даттанып кайрылганын билдирген. Бул маселеге байланыштуу Аида Исатбек кызы менен Эдил Байсалов талашып-тартыша кеткен.

Буга чейин Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү токтомун кабыл алган.

Демилгенин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттар ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Ал “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан.

Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG