Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Ятимов жолугушту

Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. (солдон оңго карай) 1-декабрь, 2023-жыл.

1-декабрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы анда чек аранын калган тилкелеринде долбоордук линиянын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарыл экени белгиленгенин билдирди.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор акыркы жолу 11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында жолуккан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. (BTo)

Дагы караңыз

Замирбек Базарбеков: УКМК соттордун ишинин сапатына баа бере албайтМинистр Амангелдиев "соодагерлердин акциялары атайын уюштурулган болушу мүмкүн" экенин айттыБакуда көз карандысыз басылманын дагы бир журналисти кармалдыНазарбаев жаңы китебинде бейрасмий никеси жана уулдары тууралуу сырын ачты Мигрант ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү үчүн келишим түзүлөтУКМК опера жана балет театрынын директору кармалганын билдирди