Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Министр Амангелдиев "соодагерлердин акциялары атайын уюштурулган болушу мүмкүн" экенин айтты


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын аймактарында базарлардагы соодагерлердин нааразылык акциялары атайын уюштурулган болушу мүмкүн экенин “Азаттыкка” 1-декабрда билдирди. Ал буга “бир учурда базарлардын баарын көтөрүү кыйын экенин” жүйө келтирип, бирок ага кызыкдар тараптарды тактаган жок.

Министр өзгөчө салыктык режим “Дордой” жана Кара-Суудан башка базарларга берилбей турганын айтты.

“Анткени "Дордой" менен "Кара-Суу" - эки чоң логистикалык борбор. Товарлар эң биринчи ошол жакка келип, Кыргызстанга тарап жатат. Бул өзгөчө режим ошол үчүн аныкталган. Дүң жана чекене соода жөнүндө сөз болуп жатат. Чекене соода үчүн да отчетторду жокко чыгарып, бир гана ККМ менен чыгарып бергиле деп жатабыз. Анткени көмүскө базарды ачыкка чыгарууну максат койгонбуз”, - деди Амангелдиев.

Ал базарда иштеген соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүрө турганын салыктык эрежелер өзгөрбөсүн кошумчалады.

Соңку аптада кассалык-контролдук машинанын киришине каршылыгын билдирген соодагерлердин акциялары Бишкек шаарында жана аймактагы бир катар шаарларда өтүп жатат. 1-декабрда Каракол жана Ош шаарларындагы бир катар базарларда иштеген соодагерлер митингге чогулушту. Ушул эле күнү Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери да иш таштады.

29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери ККМ колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдында акция өткөрүшкөн. Бул окуядан кийин Салык кызматы “Дордой” жана “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары ККМ колдонуудан бошотула турганын билдирген.

30-ноябрда жаңы салык саясатына каршы Бишкектеги “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери митингге чыгып, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

XS
SM
MD
LG