Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Мигрант ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү үчүн келишим түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелер менен келишим түзүп, баласынын коопсуздугун, билим алуусун камсыздоо аракети көрүлөрүн бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө 300 миңге жакын баланын же атасы, же апасы, дагы 100 миңдей баланын атасы да, апасы да миграцияда:

“Бул өтө оор маселе. Аны жөнгө салуу үчүн ата-энелер менен келишим түзүү долбоорун иштеп чыктык мыйзам чегинде жоопкерчиликти жогорулаталы деп. Жалгыз Билим берүү жана илим министрлигинин колунан келбейт экен. Алар акча менен камсыз кылат, бирок баланын өнүгүү процессине катышпай жатканы бала үчүн чоң жоготуу. Зомбулукка кабылган да ошолор көпчүлүгү, кор болуп жүргөндөр да ошолор”.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканы аныкталганын былтыр билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2021-жылы 1,5 миңди түзгөн. Жалпысынан ата-энеси мигрант болуп жүргөн 88 миң бала аныкталганы, алардын 73 миңиники ата-энеси башка өлкөлөрдө, 14 миңиники Кыргызстандын ичинде экени аныкталды. Үймө-үй кыдыруу 149 миңдей түтүндү камтыган.

Кыргызстандын миллиондой жараны учурда чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. Укук коргоочулардын айтымында, түрдүү зордук-зомбулукка кабылган балдардын көбү ата-энеси жанында жоктор болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG