Икрамов шайлоого келбегендерди айыпка жыгуу долбоорун чакыртып алды

Бишкек шаарындагы добушканалардын бириндеги шайлоонун жүрүшү. Май, 2023-жыл

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Бул тууралуу ал парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында айтып, документ толукталып кайра коомдук талкууга коюларын билдирди.

“Депутаттардын, коомчулуктун пикирин эске алып, иштеп чыгып кайра сайтка илебиз. Келечекте элдин шайлоого катышуусун көбөйтүү үчүн иштеп чыкканы калдым”, - деди Икрамов.

Мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлган. Документте Кыргызстанда олуттуу себеби жок туруп шайлоого барбай койгон адамга 5 миң сом айып салуу сунушу жазылган.

Бул сунушка Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунда быйыл 28-майда өткөн шайлоо да негиз болгон. Анда 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү (13,95%) гана добуш берген. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоолордун бири болгон.

2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана добуш берди. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 миллион 700 миңге жеткен.

Кыргызстанда Конституция боюнча ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Шайлоодо добуш берүү милдеттүү эмес. (BTo)

Дагы караңыз

"Сойкуканадан кармалды" деген кыздардын жеке маалыматы ачыкталганы укук бузуу деп бааланды Вебкам иши: Даниел Ажиев 29-январга чейин камакта калдыАктивист Зарина Төрөкулованын соту 7-декабрга жылды Газа: Арачылар ок атпоо режимин улантууну сүйлөшүүдө Баткен шаарында бала бакчага кезекте тургандар миңден ашты “Кара-Суу” базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулатМамлекеттик ипотекага кезекте турган 13 миң адам эки жылда үйлүү болору айтылды