Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Активист Зарина Төрөкулованын соту 7-декабрга жылды


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча соттук отурум 7-декабрга жылды. Буга эксперттер жана күбөлөрдүн сотко келбегени негиз болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын 11-сентябрда билдирген. Активистке социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси боюнча айып коюлган.

Зарина Төрөкулованын Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан адам экенин адвокаты Кантемир Турдалиев айткан. Активист өзү коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган.

Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган. Анын кайсы посттору “жапырт баш аламандыктарга үндөгөнү” так айтылган эмес.

Ал буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан. (MKt)

XS
SM
MD
LG