Жаза аткаруу кызматы камактагылардын паспортторун жаңылады

Кыргызстандын жарандарына берилчү ID карт (ички паспорт).

Жаза аткаруу кызматы №8 түзөтүү мекемесинде отурган 45 кишиге паспорт берилгенин билдирди.

Расмий маалыматта жакында аталган жайдагы дагы 50 адамга паспорт берүү жана тариздөө иштери болору айтылат.

Паспорттор ар кандай себеп менен документин жоготуп алгандарга же колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендерге берилет. Камактагыларды паспорт менен камсыздоо - соттолгондорду кайра социалдаштыруу максатын көздөгөн иштердин бир бөлүгү.

2023-жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери 367 соттолгон адамга паспорт алууга жардам берди. Паспорт үчүн мамлекеттик төлөмдү аткарууга мүмкүнчүлүгү жокторго коомдук уюмдар кол кабыш кылды.

8-түзөтүү мекемеси Чүйдүн Петровка айылында жайгашкан.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: камактагылардын абактагы мөөнөтү узартылды"Педофилдин жүзүн жабышат". Сойкуканадагы рейдден чыккан суроо Собянин Москваны көздөй учуп келаткан дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиИндияда туннелдин астында калган 41 жумушчу 17 күндө куткарылды