Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Индияда туннелдин астында калган 41 жумушчу 17 күндө куткарылды


Индиянын Уттаракханд штатында жол туннелинин урандыларынын астында калган 41 жумушчунун баары 28-ноябрда сыртка аман-эсен чыгышты. Куткаруу иштери 17 күнгө созулганын маалымат каражаттары жазышты.

Премьер-министр Нарендра Моди куткарылгандарга кайрылып, алардын кайраттуулугу жана чыдамкайлыгы өлкө элин шыктандырганын айтты. Транспорт министри Нитин Гадкари "кубанып, жеңилдеп калганын" билдирди.

12-ноябрда Уттаракханддагы 825 чакырымдык шосседе туннель кулап, анын ичинде оңдоп-түзөө иштерин жасап жүргөн 41 жумушчуну басып калган эле.

Куткарууга жүздөн ашык адам катышты. Уранды астында калгандар менен скважина аркылуу байланышты кармап, тамак-аш, дары-дармек жеткирип турушту.

XS
SM
MD
LG