Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Кемпир-Абад иши: камактагылардын абактагы мөөнөтү узартылды


Кемпир-Абад иши боюнча соттун ачык өтүшүн талап кылган митинг. Бишкек. 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча соттун ачык өтүшүн талап кылган митинг. Бишкек. 2023-жыл.

29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узартты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” кылмыш ишине байланыштуу шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG