Мамлекеттик ипотекага кезекте турган 13 миң адам эки жылда үйлүү болору айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык насыяга азыр кезекте турган 13 миң адам келерки эки жылда үй менен толук камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алды:

«Мен бийликке келгенде Ипотекалык компаниянын саясатын жүз пайыз өзгөрттүк, ал банк сыяктуу эле компания болуп калган экен, банктан насыя алып, 14% менен ипотека аласың, 30% алдын ала төлөйсүң деген. Анын баарын жоюп, 4% кылып, алдын ала эч кандай акча төлөбөй, бөлмөлөрдүн санына жараша 15-20 жылга чейин төлөп кете бересиң деген саясатты жүргүзүп келе жатабыз. Мен келгенден бери 1,5-2 миңдей үй-бүлө үйлүү болду. Азыр эми кезекте 13 миң адам турат республика боюнча, алардын көпчүлүгү мамлекеттик кызматкерлер. 2024-2025-жылдары 13 миңди тең толук камсыз кылып бүтөбүз. Андан ары 2030-жылдарга чейин ар бир жараныбызга, мейли жаштарбы, мигрантпы, базарда отурабы, ипотекалык үйлөрдү бере баштайбыз».

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси боюнча элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Коммерциялык банктарда ипотекалык кредиттин пайызы 20% тегерегинде. (RK)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: камактагылардын абактагы мөөнөтү узартылды"Педофилдин жүзүн жабышат". Сойкуканадагы рейдден чыккан суроо Собянин Москваны көздөй учуп келаткан дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиИндияда туннелдин астында калган 41 жумушчу 17 күндө куткарылды