Садыр Жапаров Дубайда климаттын өзгөрүшүн талкуулаган жыйында сүйлөйт

Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы иш-чаралардын биринде сүйлөп турган учурда тартылган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарына үч күндүк иш сапар менен барат.

Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшүн талкуулаган жыйынына катышат. Иш-чара Дубайда болот.

Конференцияга дүйнө жүзүнөн лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун оош-кыйышын талкуулашат. Садыр Жапаров 1-декабрда сөз сүйлөйт.

2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

Садыр Жапаров былтыр ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагында уюштурулган “Бир планета” деп аталган жыйынга катышкан. Бул иш-чара Франциянын демилгеси менен Дубайда өтө турган климат боюнча СОР28 эл аралык конференциясын утурлай уюштурулган.

Кыргызстандын президенти эл аралык платформаларда климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасири боюнча позициясын билдирип жүрөт.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайган. Эгер абанын ысыганы токтобосо, Кыргызстан жакынкы 50 жылда майда мөңгүлөрүнөн кол жуушу ыктымал.

Дагы караңыз

Мамлекеттик ипотекага кезекте турган 13 миң адам эки жылда үйлүү болору айтылдыКемпир-Абад иши: камактагылардын абактагы мөөнөтү узартылды"Педофилдин жүзүн жабышат". Сойкуканадагы рейдден чыккан суроо