Казакстандын бийлиги каракалпак активисти Тлеубике Юлдашевага "качкын" макамын берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына Юлдашева өзү билдирди.
"Конвенцияларга шылтап бербей коюшту. Азыр эле мага шаардык сотко кайрыла аларымды айтышты. Мен шаардык сотко арыз жазам", - деди ал.
Юлдашева Өзбекстанда аны кыйноо күтүп жатканын, Ташкентке өткөрүп бербөөнү казак бийлигинен дагы бир жолу өтүнөрүн айтып жатат.
Расмий Астана ушул күнгө чейин каракалпак диаспорасынын беш өкүлүнө качкын макамын берүүдөн баш тартты. Алардын баары Казакстанда Ташкенттин өтүнүчү менен кармалган. Беш адам тең Казакстанда бир жылдай камакта отурду. Алар быйыл күздө абактагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыгарылган.
Юлдашева дагы бир жылдай Казакстандын Актөбө шаарындагы тергөө абагында отуруп, 13- ноябрда бошоп чыккан. Ал жабык жайда отурганда "качкын" макамын алуу тууралуу арыз тапшырган.
Активистке казак бийлиги берген "качкын" макамын сураган арыз ээси деген статус 3-декабрга чейин жарактуу.
Ага чейин мыйзам Юлдашеванын экстрадициясына жол бербейт.
Ал былтыр күздө Актөбө облусундагы чек ара пунктунан "мамлекеттер аралык издөө жарыяланган" деген негизде Орусияга чыгарбай койгондон кийин кармалган.
2022-жылдын июлунда Каракалпакстанда болгон кандуу окуялардан кийин Юлдашевага “конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирүү” беренеси менен айып тагылган.
Өткөн жылы Казакстанда каракалпак активисттери кармалгандан кийин Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда алар саясий куугунтуккка , кыйноолорго кабылышы мүмкүн деп эскерткен.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Юлдашева Казакстанда 2020-жылдан бери туруктуу жашайт.
Дагы караңыз
Кадамжай администрациясынын алдындагы Лениндин эстелиги алынды Казакстанда кызамык менен ооругандардын саны 17 миңден ашты Жалал-Абадда таштандыны кайра иштетүүчү чакан ишкана ачылды