Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Казакстанда кызамык менен ооругандардын саны 17 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстанда жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 17 миңге жетти. Алардын 6 миңи соңку бир айда катталганын 28-ноябрда Казакстандын саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди.

Илдетке чалдыккандардын 82% балдар. Алардын көбү кызамыкка каршы эмделбегендер.

Гинияттын айтымында, баарынан көп ооругандар Алматы жана Чымкент калааларында катталууда.

Учурда 2400дөй бала ооруканада, алардын 30унун абалы оор. Өткөн аптада 500 миң доза вакцина алып келинген.

Кызамык илдетин жуктургандардын саны Кыргызстанда дагы өсүп жатат. Республикалык иммуннопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 24-ноябрда жыл башынан бери кызамык оорусун жуктургандардын саны 4 484 адамга жетти. Быйыл кызамыкка каршы эмдөө албаган үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм.

XS
SM
MD
LG