Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:50

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштетүүчү чакан ишкана ачылды


Ишкананын сүрөтү.
Ишкананын сүрөтү.

Жалал-Абад облусунун аймагында таштандыны кайра иштетүүчү алгачкы ишкана ачылганын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, кичи заводдун ачылышы 26-ноябрда Ала-Бука айылында өттү.

“Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таштандыны кайра иштетүүчү завод облус аймагында алгачкылардан болуп ишке берилгенин белгиледи. Долбоор азыркы учурдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон таштандыдан арылуу, андан пайдалуу заттарды өндүрүүдөгү артыкчылыктуу аракет экенин кошумчалады”, - деп билдирди мекеме.

Демилге облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 миллион 540 миң сом бөлүнгөнү, ага катар жергиликтүү бюджеттен 6,5 миллион сом жана 8 гектар жер аянты ажыратылганы маалымдалды.

Кичи заводго Ала-Бука жана коңшулаш жакынкы айылдардын, аймактагы эки тоо-кен компаниясынын таштандысы чогултулуп, кайра иштетилет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалууда.

Кыргызстанда таштандыны чогултуу жана кайра иштетүү негизги көйгөйлөрдүн бири. Бишкекте атайын ишкана ачууга донорлор берген акчанын бир бөлүгү уурдалып, бир нече кылмыш иши козголгон, айрым мурдагы жетекчилерге издөө жарыяланган. (TB)

XS
SM
MD
LG