Талас: УКМК Эсеп палатасынын өкүлүн, Билим берүү бөлүмүнүн башчысын кармады

Талас шаары. Октябрь, 2023-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспекторун пара алууга, Талас шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын пара берүүгө шек санап кармаганын 28-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, "Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери каржылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн мектеп жана бала бакчалардын директорлорунан акча чогултуп, текшерүүнү формалдуу жүргүзүү үчүн аудит кызматкерлерине берген".

Учурда кармалгандар убактылуу камоочу жайга киргизилип, бул ишке катышы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын атайын кызмат билдирди. Мекеме жарандарды мыйзам бузуу аныкталган учурда укук коргоо органдарына кайрылууга чакырып, аты-жөнү сыр бойдон калат деген кепилдик бар экенин кошумчалады.

Айыпталгандардын жакындары менен жактоочулары азырынча комментарий бере элек.(MKt)

Дагы караңыз

Кадамжай администрациясынын алдындагы Лениндин эстелиги алынды Казакстанда кызамык менен ооругандардын саны 17 миңден ашты Жалал-Абадда таштандыны кайра иштетүүчү чакан ишкана ачылды