Кыргызстанда расмий эсеп боюнча маңзатка көз каранды 7500 киши бар

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 7 500 киши баңгизат колдонот деп расмий каттоодо турат. Бул тууралуу 28-ноябрда Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Жылдыз Бакирова парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында айтты.

Комитет отурумунда “Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алды.

Жыйында депутаттар Кыргызстан электрондук чылым чеккен өспүрүмдөр көбөйүп баратканын билдирип, аларга тыюу салуу демилгесин көтөрүштү.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8 500 адам бар деп эсептеген.

“Сорос Кыргызстан” фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65% 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирди“Бир дүйнө - Кыргызстандын” эки тасмасын көрсөтүүгө тыюу салындыУКМК мурдагы депутат Борис Сандын уулу кармалганын билдирди"Чет элдик өкүл" мыйзамын сүрөгөн Надира Нарматова БУУнун Женевадагы жыйынына бардыСоцфонд пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көтөрүүнү көздөп жататБУУ: Тажикстанда аялдардын 78% зордук-зомбулукка кабылатДепутат Жумабеков туу маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштадыЖК комитети тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду