Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

Соцфонд пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көтөрүүнү көздөп жатат


Социалдык фонд 2024-жылы пенсиялык төлөмдөрдүн камсыздандыруу бөлүгүн 7% көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мекеменин жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.

Ал азыр пенсиянын орточо көлөмү 9300 сом экенин, былтыр 7100 сом болгонун айтып, 30 миң сомдон көп пенсия алгандарга акы кошулбаганын белгиледи.

Соцфонддун 1-ноябрдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар. Алардын 400ү 50 миң сомдон көп пенсия алышат. Ал эми эң аз пенсия 1800-2000 сомду түзөт.

Бактияр Алиев айрымдар алты айлык же бир жылдык иш стажы менен келишерин белгилеп, аялдар үчүн минималдуу эмгек стажы 20 жыл, эркектерге 25 жыл экенин билдирди.

Аталган комитет “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулады.

Быйыл 1-октябрдан пенсия көбөйтүлүп, анын камсыздандыруу бөлүгү 38%га жогорулаган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген. Буга чейин Соцфонддун жетекчиси өлкөдө 100 миңге жакын адам жашоо минимумунан төмөн пенсия аларын айткан. Учурда мыйзам долбоору даярдалып жатканын, эгер кабыл алынса, бардык жарандардын пенсиясы жашоо минимумунан төмөн болбой турганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG