Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:17

БУУ: Тажикстанда аялдардын 78% зордук-зомбулукка кабылат


Тажикстандагы аялдардын 78% зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө туш болушат – БУУнун Өнүктүрүү программасынын Тажикстандагы кеңсеси жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы ушундай.

2019-жылы жасалган изилдөөнүн отчёту быйыл 27-ноябрда жарыяланды. Уюмдун X социалдык түйүнүндөгү баракчасына чыккан маалыматта аялдардын 31% экономикалык, 21% психологиялык, 20% физикалык жана 6% сексуалдык зомбулукка кабылары белгиленген. "Бирок чыныгы статистика алда канча жогору болушу мүмкүн", - деп эсептешет изилдөөнүн авторлору.

Тажикстандын бийлиги БУУнун баяндамасына комментарий берген жок.

Баяндама “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүүлүк” өнөктүгүнүн алкагында жарыяланды. Бул өнөктүк жыл сайын дүйнө жүзүндө 25-ноябрда башталып, 10-декабрда - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG