Казакстандын Костанай облусунда Украинадагы согушка азгыруу аракети жүрүүдө. Бул тууралуу аймак башчысы Кумар Аксакалов билдирди. Анын айтымында, орус тарапта Украинадагы согушка азгыруу аракети Орусия менен чектешкен Узункөл аймагында катталган. Аксакалов бул тууралуу өкмөттүн брифингинде "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Дароо тактай кетсем, жапырт азгыруу аракеттери катталган жок. Мен чек аралаш аймактарда болгон эки фактыны билем. Кандайдыр бир баракчалар табылган. Биз муну менен алектенгендерди тез аныктадык. Тиешелүү мыйзамдарга ылайык, аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлгөн".
Аксакалов бул фактылар боюнча териштирүү иштери уланып жатканын кошумчалады. Костанай облусунда согушка азгыруу аракеттери жүрүп жатканы жөнүндө маалыматтар быйыл жайда тараган.
Анда прокуратура согушка катышкандар он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.
Буга чейин Рейтер агенттиги Казакстандын Орусия менен чектеш аймактарында Интернетте согушка чакырган жарнамалар көбөйгөнүн жазган. Андан тышкары, "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын катарында Украинада согушуп жүргөн казакстандыктар бар экени аныкталган. Алардын так саны белгисиз.
“Азаттык” орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.
Дагы караңыз
Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттүУкраина: Авдеевканын айланасында айыгышкан кармаш жүрүп жататЫсык-Көлдө кыз ала качууга шек саналып үч адам кармалды