Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:10

Украина: Авдеевканын айланасында айыгышкан кармаш жүрүп жатат


Авдеевка үчүн кармашып жаткан украин жоокерлери.
Авдеевка үчүн кармашып жаткан украин жоокерлери.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 27-ноябрдын таңында билдиргендей, Авдеевканын айланасында айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Соңку бир суткада украин армиясы орус күчтөрүнүн 30 жолку чабуулунун мизин кайтарган.

“Жоокерлер оккупанттарды чоң жоготууга учуратуу менен татыктуу коргонуп турушат”,-деп жазылат Башкы штабдын билдирүүсүндө.

Буга чейин бир катар орусиялык Телеграм-каналдар жана блогерлер орус армиясы Авдеевкадагы өндүрүш аймагын толугу менен өз көзөмөлүнө алганын жазып, аны “тарыхый” окуя катары мүнөздөшкөн. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту, орус армиясы Авдеевка менен Ясиноватая айылынын ортосундагы өндүрүш аймагында алдыга жылганын билдирип, толук көзөмөлгө алганы тууралуу маалыматтын далили жок экенин кошумчалады.

Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги дагы бышыктай элек.

Украин күчтөрү калааны орус армиясынын курчап алышына жол бербөө аракетин көрүп жатат. Авдеевкага чабуулду орус күчтөрү 10-октябрда баштап, алгачкы күндөрү чоң жоготууларга учурганы маалым болгон. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту орус армиясы жүздөн ашуун аскеринен жана жүздөн көп брондолгон техникасынан ажыраганын кабарлады.

Орусиянын көзөмөлүндөгү украиндердин Донецк шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Авдеевкада согушка чейин 30 миң киши жашаса, учурда алардын 1,5 миңдейи гана калган.

XS
SM
MD
LG