Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:27

Ысык-Көлдө кыз ала качууга шек саналып үч адам кармалды


Кармалган шектүүлөр. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.
Кармалган шектүүлөр. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ысык-Көл облусунда 25, 42, 43 жаштагы үч адам 20 жаштагы кызды ала качууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, жабырлануучу 23-ноябрда Бостери аймактык милициясына арыз жазып, ошол эле күнү Корумду айылынын аймагында белгисиз үч адам ага күч колдонуп, никеге туруу максатында ошол эле айылга ала качып барганын билдирген.

Шектүүлөр суракта күнөөсүн моюнуна алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ысык-Көл райондук соту шектүүлөрдү бир айга камакка алды.

Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыш. Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен айыбы далилденгендер бул берененин биринчи бөлүгү – “Никеге туруу үчүн адамды ала качуу” менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү – “Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу” менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет.

Кыргызстанда ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар да катталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG